Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Кумтөрдө былтыр көчкү басып калган кыргызстандык жарандын сөөгү октябрь айында табылышы ыктымал


БИШКЕК. 2002-жылдын 8-июлунда Кумтөр алтын кениндеги көчкүдөн кийин үйүнө кайтпай калган тоо мастеринин жардамчысы Алмаз Жакишевди издөө иштери быйыл октябрь айларында гана алгачкы натыйжаларды бериши мүмкүн. «Кумтөр оперейтинг компанинин» вице-президенти Жон Казаков Алмаз Жакишевдин атасы Жумадил Жакишевге акыркы ирет жолугушканда ушундай маалымат берген. Издөө иштерин тездетүү максатында канадалыктар чет өлкөлөрдөн кошумча техникаларды - эксковатор, бургулагыч жана 85 тонналык жүк ташууга жарамдуу автомашиналарды алып келишкен.
Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Эл чарбасындагы эмгек коопсуздугуна жана кен иштерине көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция «2002-жылдын 8-июлундагы Кумтөрдө болгон көчкү «Кумтөр оперейтинг компани» коопсуздук эрежелерин так сактабай, долбоордон четтеп алтын казганынан улам адам өмүрүн кыйган» деген жыйынтыкка келген.

XS
SM
MD
LG