ОШ. Эртең Ош облусу боюнча жаңы түзүлгөн Өзгөн районундагы Алтынбулак, Араван районундагы Нурабад айыл кеңешине депутаттар, Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн, Каракулжа районундагы Каракулжа айыл өкмөтүнүн, жаңы түзүлгөн Өзгөн районундагы Алтынбулак, Араван районундагы Нурабад айыл өкмөтүнүн башчылары шайланышат. Бүгүн облустук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча, талапкерлердин үгүт иштери токтотулуп, шайлоо өткөрүүгө соңку даярдыктар көрүлдү.