Хо Му Хен февралдагы шайлоодо Түштүк Кореянын Кошмо Штаттарынан көз карандылыгын төмөндөтүүгө сөз берип, жеңип чыккан эле. Шаршемби күнү Вашингтондо президент Жорж Буш менен жолугушуусу каралган Хо Му Хен АКШ лидери менен өз ара ишеничүүлүктү бекемдөөнү көздөп жатканын билдирди.
Буштун Түндүк Кореяга карата катаң туруму Сеулдун Пхенян менен жакындашуу далалатына сокку урду. Ошол эле убакта Түндүк Кореянын ядролук программасынан баш тартпай жатышы Кошмо Штаттары менен Түштүк Кореяны бир бирине жакындатты.