Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

Ош облусунун Өзгөн, Араван, Каракулжа жана Алай райондорундагы бир катар айылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо болду


БИШКЕК. Бүгүн Ош облусунун Өзгөн району боюнча жаңы түзүлгөн Алтынбулак, Араван районундагы Нурабад айыл кеңештерине депутаттарды жана аталган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болду. Айыл өкмөт башчыларын шайлоо Алай районундагы Корул айыл өкмөтүндө, Каракулжа районундагы Карагуз айыл өкмөтүндө да өткөрүлдү. Бул күнү Ош облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Жумакадыр Исаковдон алынган маалымат боюнча, айыл өкмөттөрүнүн шайлоочуларынын активдүүлүгү байкалды. Маселен, түштөн кийинки саат 16.00 карата айыл өкмөт башчыларын шайлоого Корул айыл өкмөтүндө шайлоочулардын 50%, Нурабад айыл өкмөтүндө – 66,4%, Алтынбулак айыл өкмөтүнүн шайлоочуларынын 64,4% катышты. Депутаттарды шайлоого да айыл тургундары активдүү катышууда. Ош облустук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, аттары аталган айыл өкмөттөрүндөгү шайлоолордун жыйынтыктары бүрсүгүнү жарыяланат.

XS
SM
MD
LG