Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Бишкекте кыйноолор маселесине арналган жыйын болуп өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Кыргызстанда кыйноолордун алдын алуу маселесине арналган «тегерек үстөл» жыйынын өткөрдү. Анда комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаев жана кыйноолорго дуушар болгондордун «Батыя» аттуу реабилитациялык борборунун башчысы Батыя Төлөбаева докладдарын окуп, бул маселенин тегерегинде пикир алмашуулар болду. Жыйынга Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Жалалабад, Баткен жана башка облустардагы өкүлдөрү, Аксы окуяларында жабыр тарткандар катышты. Ага өлкөдөгү укук коргоочулар Наталья Аблова, Төлөкан Исмаилова, Турсунбек Акунов жана башкалар чакырылган, бирок алар катышкан жок. Ал эми комитеттин бир катар облустардан келген мүчөлөрү жыйынга киргизилген жок. Анын себептерин комитеттин Ысыккөл облусу боюнча координатору Болотбек Тыналиев мындайча түшүндүрдү: «Жыйын шашылыш түрдө, жекшембиде өткөрүлдү. Эмне үчүн бул жыйын өткөрүлүп жатат? Биз жакында Голландиянын «Хивас» уюмунун аудиторун «биздин комитеттин акча каражаттарын текшерип бергиле» деп чакырганбыз. Алардын алдында отчет бериш үчүн ушул жыйын өткөрүлүп жатат. Азыр комитет экиге бөлүнүп кеткен. Коалициялык комитетти Рыскелди Момбеков башкарууда. Комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү бүгүнкү күндө Р. Дырылдаевге ишеним көрсөтпөйт».

XS
SM
MD
LG