77 жаштагы Н.Эрбакан Түркияда өкмөт башчылыгына келген исламчыл саясатчылардын алгачкысы эле. Ал өзү негиздеген "Саадет" партиясынын төрагалыгына жекшемби күнү шайланды. Түркиянын бийликтеги байыстуу –исламчыл "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясынан айрымаланып Нежметтин Эрбакандын партиясы - катаал турумду карманган исламчыл партия. Эрбакан өкмөт башчысынын кызматынан 1997-жылы өлкөнүн аскерий жетекчилигинин кысымы менен четтетилген. Бир жылдан соң Түркиянын соту ал жетектеген "Жыргалчылык" партиясынын ишин мыйзамсыз деп таап, Эрбакандын өзүнө диний маанайды козуткан сөздөрү үчүн беш жылга саясат менен алектенүүгө тыю салган.