Баштапкы бейрасмий маалыматтар боюнча Филип Вуяновичти добуш берүүгө келгендердин 63% колдоду. Ал эми шайлоого калктын 48% катышты. Черногорияда президенттик шайлоо акыркы жарым жылдын ичинде үчүнчү ирэт өткөрүлүп олтурат. Буга чейинки эки шайлоо добуш берүүгө келгендердин саны 50%дан аз болгондуктан жараксыз деп табылган. Ушундан улам мыйзамга өзгөртүү киргизилип, андан шайлоо өттү деп табылыш үчүн калктын 50%нын катышуусун талап кылган жобо алынып салынды.