Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Шийит жолбашчыларынын бири Ирактан америкалык аскерлер чыгарылышын талап кылды


Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши деген уюмдун жолбашчысы аятолла Мохамед Бакир ал-Хаким мындай билдирүүнү жекшембиде Насирия шаарында сүйлөгөн учурунда жасады. Соңку жыйырма жылдан бери коңшу Иранда сүргүндө жашаган ал-Хаким өз мекенине ишемби күнү кайтып келген эле.Аятолла ал-Хаким өз жактоочулары алдында сүйлөгөн сөзүндө Иракты ислам өкмөтү башкарыш керектигине да токтолгон. Бирок ал диний экстремизмди жана кайсыл бир чет өлкөгө көз каранды өкмөт түзүлүшүн четке какты. Ал эми АКШ Иракта дин ишмерлери үстөмдүк кылган өкмөт түзүлүшүнө каршы.

XS
SM
MD
LG