Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Иракта элге азык-түлүк бөлүштүрүү түйүнү калыбына келтирилет


Бул тууралуу Багдадда БУУнун Азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Жеймс Моррис билдирди. Анын айтымында, азык-түлүк менен камсыздоочу жайлардын коопсуздугун сактоо - учурдагы башкы маселелердин бири. Бул милдет АКШ баштаган коалициялык күчтөргө жүктөлүүдө. Иракта калкка азык-түлүктү бөлүштүрүү боюнча Саддам Хусейндин бийлигинин соңку жылдары иштеп келген система кайра каралып, келерки айдан тарта толугу менен калыбына келтирилет. Өлкө калкынын 60%нын турмуш – тиричилиги сырттан келген азык-түлүккө байланыштуу. Согуш аяктагандан бери азык-түлүк таратуу иштери өлкөнүн айрым аймактарында гана кайра башталды. Иракка каршы киргизилген санкциялардан улам 1996-жылы негизделген азык-түлүк үчүн мунай программасынын аткарылышын Улуттар Уюму көзөмөлдөчү. Эми Улуттар Уюму калыбына келтирип жаткан жаңы программа алты айга эсептелген жана ал үчүн 1,8 миллиард доллар чыгымдалат.

XS
SM
MD
LG