Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Өзгөндө табигый кырсык коркунучу күчтүү


БИШКЕК. 20-апрелде 38 адамдын өмүрүн алып кеткен жер көчкү Өзгөн районунун тоолуу айылдарында кайталанышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-майда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, райондогу Актерек, Чынарбулак, Бозала, Сасыкбулак айылдарынын абалы абдан оор. Ал жердеги 140 үйдүн адамдарын башка коопсуз жерлерге тезинен көчүрүү зарыл. Айылдыктар коопсуз жерге көчүүгө даяр. Анткен менен Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлик адистеринин «бул жерде жашоого болбойт» деген тыянагысыз алардын башка жерге көчүшү кыйын. Адахам Мадумаровдун айтымында, «эл бүгүн деле көчүп кеткенге даяр. А бирок, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тыянак чыгармайын башка жерде жаңы үй салганга чек берилбейт. Ош областы боюнча жападан-жалгыз Гибатуллин деген адис калыптыр. Аны эл ажыдан келчү атасындай күтүп жатышат. Мына ушундай бири-бири менен чиеленишкен маселенин кесепетинен эртең элибиз дагы кыйроонун алдында калып калбасын деп, алдын-ала эскертип жатабыз». Ушундай мазмундагы расмий катын депутат республиканын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине, өкмөткө жолдоп, түштүккө башка региондордон адистерди тартууну сунуш кылгандыгын кабарлады. Өзгөн райондук граждандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Жусубалиев Каратарыктагы жер көчкүдөн кийин коопсуз жерге район боюнча 400 үй-бүлө көчүрүлүп, үй салууга 33 гектар жер бөлүнгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG