Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Баткендин Төрткүл айыл өкмөтүндөгү шайлоо

БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдон 12-майда алынган маалыматка караганда, Баткен районундагы Төрткүл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого жалпы шайлоочулардын 67,4 пайызы катышып, бир орунга атаандаш 4 талапкерге добуш беришти. Натыйжада 4 талапкердин ичинен Калдар Ташбеков 44,3 пайыз, ал эми Азданжан Сулайманов 18,9 пайыз добуш алышып 18-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасында ат салыша турган болду. Аталган айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Темирбек Төлөбаев жыл башында өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошогон.
XS
SM
MD
LG