БИШКЕК. 11-майда №33-Каракулжа шайлоо округунда өткөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатын шайлоонун экинчи айлампасында талапкер Замирбек Парманкулов шайлоочулардын 60% ашуун добушун алып мөрөйгө жетишти. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Каракулжа районунун акими Рашид Тажибаев билдирди. Анын айтымында, шайлоо тынч, мыйзам чегинде өттү. Экинчи талапкер Жолборс Осмонов 39% добуш алды. Акимдин маалыматы боюнча, Каракулжа шайлоо округу боюнча 69 миң шайлоочу бар. 11-майдагы добуш берүүгө алардын 63% катышты. Каракулжадагы шайлоодо Замирбек Парманкуловдун жеңишке жетишкенин Борборшайлооком 12-майда ырастады.