Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү министри Клэр Шот бүгүн Ирактагы ахвал боюнча пикир келишпөөчүлүктөн улам кызматынан кетип жаткандыгын жарыялады. Өз билдирүүсүндө Шот айым премьер-министр Тони Блэрди "согуштан кийин Ирактын өкмөтү Бириккен Улуттардын мандаты менен түзүлөт деген убадасын аткарган жок" деп күнөөлөгөн.
Бүгүн Германиянын канцлери Герхард Шрөдер "жаңжалдарда жана эл аралык мыйзамды коргоодо Бириккен Улуттары өзгөчө маанилүү уюм" деп билдирди. Шрөдер ошондой эле Иракка каршы санкцияларды тез арада күчүнөн кетирүүгө чакырды.