Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Француз улутчулдарынын лидери бир жылга Европарламенттеги депутаттык мандатынан ажыратылды


Европарламенттин жогорудагыдай чечими Европалык сот мындан бир ай мурун чыгарган токтомго ылайык кабыл алынды. Франциянын "Элдик фронт" деп аталган партиясынын лидери, ашынган улутчул саясатчы Жан Мари Ле Пэн парламенттик шайлоо учурунда атаандашы, Социалисттик партиянын талапкерин кемсинткен сөздөрдү айткан. Буга байланыштуу 2000-жылдын октябрь айында француз соту Ле Пэндин мамлекеттик кызматты ээлөөсүнө бир жылга тыю салган. Ага катар Франциянын Европарламенттеги өкүлдөрү Ле Пэнди депутаттык мандаттан ажыратууга багытталган аракеттерди башташкан эле. Ошол кампаниянын жыйынтыгы эми чыгып олтурат. Француз улутчулдарынын лидери Европарламенттин 1979-жылдан берки мүчөсү эле.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG