Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Эр-Рияд шаарынын АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн жарандары жашаган кварталында үч ирет жарылуу болгон. Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, көптөгөн адамдар жаракат алды. Курман болгондор бар же жок экени азырынча белгисиз. Такталбаган маалыматтар боюнча жардыруучу зат салынган автоунаа имараттардын бирине келип урунган. Окуя Сауд Аравияга иш сапары менен АКШнын Мамлекеттик катчысы келерден бир нече саат алдында болуп олтурат. Ушул айдын башында эле АКШнын Мамлекеттик департаменти террордук акт жасалуу коркунучтары көбөйгөндүктөн америкалыктарга Сауд Аравияга барбай турууну эскерткен болчу.