Ирактагы согуштун айынан келип чыккан экономикалык чыгашанын ордун толтуруу максатында ажыратылган бул сумма Иорданиядагы реформаларга сарпталат. Муну менен Вашингтон Иорданиянын келечегине ишене тургандыгын билдирип отурат. Иорданиянын бийликтери Ирактагы согуштан өлкө миллиондогон доллар зыян тартты деп эсептейт. Согуштун айынан Иорданияда туристтердин агымы кескин сээлдеди, өлкө Ирактан арзан мунай алалбай калды. АКШ жыл сайын Иорданияга 450 миллион доллар суммасында жардам көрсөтөт.