Француз тышкы иштер министри Доминик де Вилпен буга байланыштуу документте Ирактын мунай тармагына контролдук кылганга Кошмо Штаттарына укук берген жоболорго өзгөчө басым жасады. Министр согуштан кийинки Иракта ООН Вашингтон сунуш кылып жаткандан алда канча маанилүү роль ойноого тийиш деп эсептейт. Ушул эле күнү Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Иракка каршы киргизилген санкциялардын алынышы өлкөдөгү гуманитардык кырдаалды жакшырта тургандыгын белгилеп, резолюциядагы каралган жоболорду ырасмий Пекин кылдат иликтеп жаткандыгын билдирди. Кошмо Штаттары Британия жана Испания менен биргелешип коопсуздук кеңешинин кароосуна койгон документтин долбоору боюнча талкуулар жана консультациялар уланууда.