Нежеф шаарында пресс-конференцияда аятолла Мохаммед Бакир ал-Хаким Иракта жалаң исламга негизденген же таза цекулярдык өкмөт түзүү мүмкүн эмес деп билдирди. Бирок ал Ирак ислам революциясынын жогорку кеңеши жаңы бийлик менен кызматташканга даяр экендигин ырастады. Болгону жаңы өкмөт демократиялык режим болууга тийиш. Шийиттер, албетте, ислам мамлекетин каалайт, неге дегенде калктын баары мусулман, деп айтты ал-Хаким.Бирок шийиттер башка оппозициялык топтор менен масилеттешип, жаңы өкмөттүн саясий насилин талкуулап көргөнгө даяр. Аятолла ал-Хаким Иракта ислам динин караманча четке каккан бийлик түзүлүшү мүмкүн эмес деп эсептейт.