Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кошмо Штаттары “Жол картасы” планын өзгөрткөнгө ниеттенбейт


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн Амманда Иорданиянын тышкы иштер министри Марван Моашер менен биргелешип өткөргөн пресс-конференцияда билдирди. Израил жол картасы зарыл кадамдарды жасоону талап кыларын билет, Израилдин жетекчилиги пландын айрым өңүттөрү боюнча өздөрүнүн пикирлерин айтышты, биз аларды талдап көрөбүз, бирок жол картасын кайра жазып же кайра сүйлөшүүлөрдү өткөрүү планыбыз жок, деп айтты Пауэлл. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы планды ООН, АКШ, Евросоюз жана Россия биргелешип иштеп чыгышкан. Анда 2005-жылы көз карандысыз палестин мамлекетин түзүү каралган.

XS
SM
MD
LG