Эр-Риядда кечээ кечинде болгон террордук акция,Пауэллдин сөзүнө ылайык, терроризм глобалдык көрүнүш экендигин, ага каршы күрөшүү зарылдыгын кайрадан эске салды. Бул “Ал-Каиданын” ишаараты жана анын, ошондой эле башка террордук уюмдардын бейжазык адамдарды өлтүрүүнү көздөп,өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыргысы келген ниетин гана көрсөтөт, деп айтты ал. Кечээ кечинде Эр-Рияддын чет элдик тургундар, негизинен америкалыктар жашаган кварталында үч машинага коюлган бомба жарылган эле. Акыркы маалыматтар боюнча, террордон отуз чакты адам набыт кетти, 190 ашууну жарадар болду.