Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Казак оппозициясынын лидерлеринин бири Мухтар Аблязовго кечирим берилди


Кечирим Мухтар Аблязовго президенттин жардыгына ылайык берилди. Ал мындан бир айча мурун жогорудагыдай өтүнүч менен президент Н.Назарбевге кайрылган, бирок күнөөсүн моюнуна алган эмес. М.Аблязов Казакстандын энергетика министри болуп турган кезинде кызматынан кыянат пайдаланганы үчүн айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган. Казак оппозициясы Мухтар Аблязов жана Павлодар облусунун учурда түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мурдагы губернатору Галымжан Жакияновдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери жасалма жана алар саясий жүйөөдөн улам соттолду деп эсептейт. А.Аблязов жана Г.Жакиянов – Казакстандын Демократиялык тандоосу деген кыймылдын лидерлери.

XS
SM
MD
LG