Мохаммад Хатами бул тууралуу Ливандын башкалаасы Бейруттагы митингде айтты. Жыйынга "Хезболла" жана башка шийит топторунун миңдеген жактоочулары катышты. М.Хатами өз сөзүндө Саддам Хусейндин режиминин кулашы ирактыктарга, жалпы эле Жакынкы Чыгыш чөлкөмүнө жаңы мүмкүнчүлүк берип жатканын белгиледи. Ошол эле учурда ал Иракта АКШ аскерлери турганына токтолуп, ирактыктар эми кысымдын башка түрүнө кабылбаш керектигин эскертти:
- Cаддамдын диктатордук бийлигинин кулашы Ирактын эзилип келген элине, жалпы эле чөлкөмгө жаңы үмүт тартуулоодо, бирок биз ирактыктар эми кысымдын башка түрү астында калуусуна макул болбошубуз керек.
Ирандын мамлекет башчысы 1979-жылкы Ислам революциясынан бери Ливанга алгачкы ирээт расмий визит менен келип олтурат.