БИШКЕК. 12-майдын кечинде 20.50дө Кыргызстандын Жалалабад облусунда жер титирөө болуп өттү. Анын очогу Кочкората шаарчасынан 5 чакырым түштүк-батышта жайгашып, ал жерде силкинүүнүн кубаты 4 баллга жеткен. Кочкората шаарында жер титирөөнүн күчү 4 балл болгон. Кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес. Бул тууралуу маалымат шейшембиде Улуттук илимдер академиясынын «Бишкек» сейсмологиялык станциясынан алынды.