Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Кыргызстандык делегация Австрияда


БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстандын вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектеген делегациясы БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) «Борбордук Азияда инвестицияларды тартуу программасын ишке ашыруу. Биринчи фаза - Кыргызстан» аттуу эл аралык конференциясына катышууда. Мындай маалыматты 13-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, конференция маалында делегация БУУнун башкатчысынын орун басары, уюмдун Венадагы кеңсесинин башкы директору Антонио Коста, ЮНИДОнун башкы директору Карлос Магариньос жана ЕККУнун баш катчысы Ян Кубиш менен жолугушту. Антонио Коста менен жолугушуу учурунда БУУнун Баңгизаттарды жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгынын көмөгү менен Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча атайын агенттик түзүү жана бул багытта кызматташуу маселеси талкууланды.

XS
SM
MD
LG