Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Рамазан Дырылдаев АУКККнун төрагалыгына кайра шайланды


БИШКЕК. 11-майда Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин (АУККК) кезексиз конференциясы болуп, анда комитет төрагасы Рамазан Дырылдаевдин жана башкармалыктын финансылык жана башка ишмердүүлүгү боюнча отчеттору угулду. Конференциянын жүрүшүндө Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин мурдагы кызматкерлери Качкын Булатовдун, Болот Тыналиевдин жана Рыскелди Момбековдун аракети айыпталып, алардын ишмердүүлүгү комитетти жаманатты кылууга багытталган аракет катары бааланган. Ошондой эле «Кыргызстанда сот бийлиги, анын ичинде тартип коргоо органдары А. Акаев баштаган режимге гана кызмат кылат» деп айыпталган. Конференцияда Рамазан Дырылдаев комитеттин төрагасы болуп кайрадан шайланып, 11 адамдан турган башкармалык шайланган. Башкармалыктын катарында АКШнын, Франциянын жана Австриянын жарандары бар. Бул тууралуу маалымат Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинен шейшембиде алынды.

XS
SM
MD
LG