Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУН ТАЛКУУЛАДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Акыркы жылдары өлкөнүн башка дубандарынан жакшы жашоо издеп келген балдар шаар жерлеринде ар кандай кылмыштарга да барышууда. Өспүрүмдөрдүн көбү ата-энесине тыйын табууга жардам кылуу түйшүгүнөн мектепке барбай калса, айрымдары чындап багуусуз көчөдө калгандар. 12-майда кыргыз өкмөтүнүн кеңешмесинде балдардын кылмыштуулугу жана алардын аракечтикке, баңгиликке берилиши туурасында талкуу болду.

Кыргыз өкмөтү айтегерек отуруп, балдардын ичкиликке берилип, мектеп босогосун аттабай, кылмыш жасап атканы туурасында сөз козгоду. Премьер-министр Николай Танаев да моюнга алгандай, жаш өспүрүмдөрдүн көйгөйү өкмөттүк кеңешменин күн тартибине кириши сейрек көрүнүш. Башын жерге салып көңүлсүз отурган министрлерге Николай Танаев: «Силер тиешеңер жоктой отурасыңар. Балдар биздин келечек болгондон кийин, ар бириңерге тиешеси бар», - деп эскертти. Баарыдан да кабагын чытып, улам-улам кыскараак сүйлөөнү өтүнүп аткан коргоо министри Эсен Топоевди Николай Тимофеевич катуу какты. Анын айтымында, ичимдик ичкен, көчөдө темселеп басып жүргөн, саламаттыгы начар балдар көбөйгөндүктөн, кыргыз армиясында да арык, бою кичинекей жигиттер арбыды. «9-майда Жеңиш аянтынан көрдүк го, катарда турган бир аскериңиз жыгылып кала жаздады» деп белгиледи өкмөт башчысы. Балдардын кылмыштуулугу боюнча ички иштер министри Бакирдин Субанбеков маалымат берди. Анын айтымында, жаш өспүрүмдөр кылмыш жасап, акыркы кездери ичкилик менен нашаага берилип баратышат.

- Ички иштер органдарында профилактикалык каттоодо ар кандай тартип бузгандыктары үчүн 4632 өспүрүм турат, - деди Б. Субанбеков. - Акыркы жылдары республикада аракечтикке жана баңгизаттарга берилген балдар көбөйдү. Жаш кыздардын арасында сойкулукка тартылгандар да арбын. Балдардын ууру кылган, адам өмүрүнө кол салган фактылары көп учурап атат.

ИИМдин карамагындагы өспүрүмдөр иши боюнча инспекция 2001-жылдын аягында жоюлуп калган эле. Министрдин айтымында, бул инспекциянын жок болушу кылмыштуулукту ого бетер өстүргөн. Субанбеков мырза кайрадан калыбына келтирген инспекцияга 300дөн ашык кызматкер жумушка алынды.

Кеңешмеде билим берүү министринин орун басары Турсунбек Бекболотов, эң акыркы эсеп боюнча Кыргызстанда 1048 бала мектеп босогосун аттабай калганын билдирди. Бирок, бери жагы эле өлкөдө 15 миңден ашык бала окубай калганы сокур көзгө деле көрүнөө. Өкмөт башчысы губернатор менен министрлердин сөзүндөгү шагыраган статмаалыматтар кадимки кара турмуштан алда канча алыс калкып жүргөнүн эскертти. Жүрөктү оорутканы - балдардын бешиктен бели чыга электе аракка жана нашаага көз каранды болуп атканы. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов балдар нашаа гана чекпестен, наркосоодада ортомчулукка да аралашып, чоң наркобарондордун кол баласына айланып атканын белгиледи. Курманбек Кубатбековдун маалыматында болсо 12-15 жаштагы балдар нашаага азгырылып, ал эми шаар мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларынын бир кыйласы нашааны жок дегенде бир жолу ооз тийип көргөн. «Кыргызстанда 5 миңден ашык адам баңгиликке берилсе, анын ичинен кырк беши жашы жете элек өспүрүмдөр» деп айтканда Танаев мырза каршы турду. Өкмөт башчысы мындай деди:

- 45 дегениңиз өтө эле аз го. Менимче жок дегенде эле бул айтканыңыздан 10 эсе көп. Азыр Кыргызстанда эмне арзан? Нашаа арзан. Түштүктө болсо ар бир нашаа саткан түйүндүн калкалаган ээси бар. СПИД программаларынын нашаа боюнча линиясы аркылуу эле канчалаган каражат түшүүдө. Тилекке каршы, эч бир жыйынтык жок.

Тартип сактоочулар адатта көчөдө кароосуз жүргөн, базарларда иштеп, чөнтөкчүлүк кылып жүргөн балдарды маал–маалы менен машинеге кыйнап салып, Бишкектеги жана Оштогу Жашы жете электер балдарды реабилитациялоо жана адаптациялоо борборуна (ЦАРН) чогултат. Ар биринин дарек-дайнын тактап, ата-энеси же жакын тууганы такталганда өз үйүнө салып турушат. ИИМдин балдар кылмыштуулугу менен күрөшүнүн негизги иш-чарасы катары ушуну бөлүп көрсөтүүгө болот. Башкы прокурордун орун басары Рустам Исаев өкмөттүн алдына мындай маалымат жайды. Оштон жана Баткенден Бишкекке жан бакканы келген айрым балдарды аталган борборго 15 ирет камап, 15 жолу тең үйүнө кыйнап жөнөтүшкөн. Бирок ал балдар кайра эле Бишкектин көчөлөрүндө майда-барат уурулук кылып же машина жууп тыйын тапкан көнүмүш жашоосуна кайтып келген. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов балдарга тачке сүйрөп жүк ташыганга уруксат берген базар ээлерине нааразы болду. «Базар администрациялары бул балдарды бирдеме кылышпайбы, баарын чогултуп туруп үйлөрүнө кетириш керек», - деп баса белгиди. Бирок, ошол кенедей бала бели майышып жүк ташып атып бир чоң үй- бүлөнүн нанын таап берип атканын да унутпаш керек. Балдар кылмыштуулугун, көчө кыздардын денесин сатып жан багышын, багуусуз көчөдө калышын күч менен токтотууга мүмкүн эмес го. Кеңешмеде интернет-кафелер да балдардын аң-сезимин терс жакка буруп, кылмыш дүйнөсүнө азгырып атканы туурасында кеп козголду. Орусия жакында атайын мыйзам менен балдарга кечкисин саат 10дон кийин көчөгө чыкканга тыюу салган. Өкмөт башчысы Кыргызстанда да жаш өспүрүмдөрдү түнкүсүн көчөдө бастырбоонун зарылдыгы пайда болуп атканын айтты.

XS
SM
MD
LG