Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Дания өкмөтү Борбордук Азиядагы эркин гезиттерди колдоого аракеттенүүдө


БИШКЕК. Дания өкмөтү Борбордук Азия мамлекеттериндеги эркин гезиттерге жардам көрсөтүүнү караштырууда. Буга байланыштуу региондогу гезиттердин муктаждыктарын аныктоого арналган 3 күндүк жыйын бүгүн Бишкекте аяктады. Жыйынга Даниянын «Эл аралык медианы колдоо» уюмунун өкүлдөрү, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эркин гезиттеринин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу бүгүн «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова билдирди. Андан алынган маалыматка караганда, Дания өкмөтү региондогу эркин гезиттерди колдоого 1 млн. доллар каражат бөлгөн. Бишкектеги жыйындын жүрүшүндө региондогу эркин гезиттердин муктаждыктары аныкталды. Дания өкмөтү басма сөздү колдоо долбоорун сентябрь айынан тартып турмушка ашыра баштамакчы.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG