КАРАКОЛ. Бүгүн Ысыккөлгө Кытайдын Аксуу аймагынын тышкы иштер жана жол-курулуш тармактарынын өкүлдөрү расмий иш сапары менен келишти. Кытай Эл Республикасынын Аксуу аймагынын тышкы иштер боюнча байланыш мекемесинин директору Оморжан Нааматов баштаган чакан топ облус жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда Ысыккөл облусунан алыскы Сарыжаз өрөөнү аркылуу Кытай Эл Республикасынын Аксуу аймагына кетүүчү жол курулушунун долбоору, ага чыгымдалуучу каражаттар жана эки тараптын кызыкчылыктары тууралуу сөз болду. Алдын-ала айтылган маалыматтар боюнча, бул жол курулушун бүткөрүүгө Кытай Эл Республикасы 34 млн. сом берүүгө даяр.