Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Жер көчкүдөн жапа чеккендерге каражат берилмек болду


БИШКЕК. Өзгөн районунун 20-апрелде жер көчкү жүргөн Жалпакташ айыл өкмөтүнүн аймагынан көчүрүлгөндөргө кошумча сегиз чатыр берилди. Мындай маалымат бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Эмил Акматовдон алынды. Анын маалыматына караганда, жалпы Ош облусу боюнча 292 үй-бүлө башка жерге көчүрүлүп, жер көчкүдөн жапа чеккендерге үй куруш үчүн Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагынан 19 гектар жер берилди. Өкмөт аларга үй куруш үчүн бөлгөн 3 миллион сомду эртең аларга Турак-жай курулуш департаментинин директору Айчүрөк Тазабекова жеткирип берет. Анын маалыматына караганда, кооптуу жерлерден башка жерге көчүрүлгөндөрдү турак-жай менен камсыз кылыш үчүн кеминде 6 миллион доллар керек болот. Ал эми бул департаменттин эсебине кырсыкка кабылгандарга жардам көрсөтүү боюнча келип түшкөн каражаттын көлөмү ушу тапта 500 миң гана сом болду. Айчүрөк Тазабекованын айтымында, кооптуу жерлерден дагы 1300 үй-бүлөнү башка жерге көчүрүү зарыл.

XS
SM
MD
LG