Добогерлер – 19дай ирак тургундары өздөрүн согуш маалында колдонулган чачырама бомбалардын курмандыгы деп эсептешет. Мындан тышкары, добогерлердин айтымында, америкалык аскерлер медициналык тез жардам машинасын да аткылап, адамгерчиликке каршы иш кылышкан. Бирок Белгиянын тышкы иштер министри Луи Мишел Ирактагы америкалык аскерлердин башкы колбашчысына каршы берилген доо арызды өлкөнүн мыйзамдарына кайчы келет деп билдирди. Министрдин кеби боюнча, Кошмо Штаттарына тиешеси бар сот иштерин кароону Белгия өзүнө алалбайт. Өлкөдөгү мыйзамдарга ылайык, кылмыштуу иштер кайсы жерде жасалгандыгына карабастан сот органдары доо арыздарды эл аралык мыйзамдарга ылайык тергеп-териштире алат.