Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Россиянын мамлекеттик думасында стратегиялык куралдар боюнча келишим ратификацияланды


Келишимди жактап 294 депутат добуш берди, 134ү каршы болду. Былтыр күздө эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимге ылайык, 2012-жылга чейин тараптардын ядролук арсеналдары үчтөн экиге чейин кыскартылууга тийиш. Келишим АКШда конгресстин ратификациясынан өткөн. Думадагы талкуулар коммунисттер фракциясынын сунушу менен жабык режимде өттү. Коммунисттер аталган келишимди Россиянын улуттук таламдарына кайчы келет деп эсептеп, ага каршы добуш берерин билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG