Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:32

Казакстандын өкмөтү ишеним көрсөтүү маселесин парламентке койду


Бул жөнүндө ырастап, өкмөттүн премьер-министри Имангали Тасмагамбетов маселени жума күнкү жыйында колго салууну талап кылды. Бу кадамга өкмөттү Жер кодексинин парламентте кабыл алынган варианты мажбур кылды. Кодекске депутаттар киргизген алымча-кошумчаларды премьер таптакыр кабыл алгылыксыз деп эсептейт. Эгер парламент кабинетти ишенимден ажыратса, анда президент Нурсултан Назарбаев парламенттин төмөнкү палатасын таркатышы мүмкүн. А кокус кабинет ишенимге ээ болсо, анда кодекстин өкмөт сунуш кылган варианты кабыл алынды деп эсептелинет.
XS
SM
MD
LG