Бул тууралуу бүгүн Бейрутта Иран президенти Мохаммад Хатами ырастады. Бир жылдан бери Женевада ООНдун арачылыгы астында тараптардын сүйлөшүүлөрдү жүрүп жатат. Бирок эки өлкөнүн позицияларындагы олуттуу жана чоң айрымачылыктар сакталып калды, деп айтты Хатами. Радикалдуу “Хезболла” тобун Хатами Ливан парламентинде фракциясы бар легитимдүү уюм деп атап, Израилдин оккупациясына каршы жүргүзүп жаткан анын күрөшүн колдоду. Израил өзүнүн оккупациялык операцияларын баштагандан бери палестина кандай абалда калганын эске салып, Хатами ушул тапта жөөт өкмөтү региондогу көп аймактарды басып алганын, экономикалык үстөмдүгүн орнотуп, экспанциясын улантып жаткандыгын белгиледи. Иран гезиттери кечээ өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаманеи Кошмо Штаттары менен алакаларды жакшыртуу сунушун четке каккандыгын кабарлап, ”мындай кадам иш жүзүндө багынып бергенге барабар болмок”, деп айткан анын кебин келтиришти. Хатами бүгүн Ливандан Сирияга келди.