Ачылыш аземин италиялык киножылдыз Моника Белуччи алып барды. 12 күн улана турган Канн кинофестивалында эң мыкты көркөм тасмага, салтка айлангандай, «Алтын пальма» тапшырылат. Бул наамга быйыл ар башка өлкөлөрдө тартылган 20 кино көрсөтүлгөн. Башка да көптөгөн сыйлыктар тапшырылчу фестивалда көрүүчүлөргө бардыгы 700дөй киночыгарма тартууланат.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага