Мындан ары шаардагы турмушка британдык аскерлер контролдук кылбайт. Бул окуяга байланыштуу чакан азем болуп өттү. Анда сүйлөгөн жергиликтүү тургундар соңку отуз беш жылдан бери калааны башкарганга калк биринчи мерте катышып жаткандыгын айтышты. Шаарда коопсуздукту камсыз кылганы чакан сандагы британдык контингент калат. Ушул эле күнү Ирактагы америкалык убактылуу администрациянын башчысы Пол Бремер ырасмий түрдө кызматка киришкендигине байланыштуу жолугушуу өткөрүп, өлкөдө жагдай акырындап жакшыра баштагандыгын, бирок коопсуздукту камсыз кылуу иши башкы проблема бойдон калганын белгиледи.