Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Ирактан санкцияларды убактылуу алып салуу сунушун АКШ карап чыкканга даяр


Бул тууралуу бүгүн Болгарияда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл билдирди. Вашингтон түпкүлүгүндө санкциялардын толук алынышын жактайт, бул сунуш ООНдун коопсуздук кеңешине коюлган резолюциянын долбоорунда каралган. Эгер санкциялар алынбаса,анда Ирактагы мунайдын соода-сатыгына байланыштуу проблемалар келип чыгат, бул болсо ирак калкынын оомат-оокатын көтөргөнгө кесирин тийгизет, деп айтты Пауэлл. Софияда ал Болгариянын премьер-министри Симеон II менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

XS
SM
MD
LG