Бул тууралуу АКШнын ООНдогу элчиси Жон Негропонте билдирди. Документтин жаңы вариантында согуштан кийинки Иракты бир жыл башкарганга АКШга укук берүү жагы кайрадан ырасталган. Ошону менен бирге коопсуздук кеңешинин ушу таптагы мүчөлөрүнүн кызыкчылыктары да эске алынган. Негропонте документ эмдиги аптада коопсуздук кеңешинде добушка коюлат деп ишенет. Россиянын ООНдогу элчиси Сергей Лавров резолюциянын долбоорун талкуулоо иши туура оролдо жүрүп жатканын кабарлады.
Бүгүн ООНдун коопсуздук кеңешине Иракка байланыштуу резолюциянын жаңы, кошумча иштелген долбоору киргизилет