Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Таласта «Таза суу» долбоору иштей баштады


ТАЛАС. Бул окуяга арналган жыйын облустук администрацияда өттү. Ага жергиликтүү жетекчилер жана Дүйнөлүк Банктын ушул долбоорунун Кыргызстандагы жетекчилери Роберто Ло, Чигеро Вайна күбө болушту. Жыйында бул долбоорго 2004-жылы тартыла турган облустагы 24 айылдын муктаждыктары менен ички мүмкүнчүлүктөрү талдоого алынды. Кыргызстан боюнча 24 млн. доллар сарпталуучу долбоорго Таластан 2002-жылы 10 айыл, быйыл 21 айыл, бардыгы болуп 3 жылда 55 айыл камтылышы керек. Жыйындан соң долбоордун облустук бөлүмүнүн ачылыш аземи өттү. 2007-жылы бүтө турган долбоор толук ишке ашса, облустун 75 айылынын эли таза суу менен камсыз болот.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG