Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Бишкекте эл аралык конференция өз ишин баштады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Улуу Жибек Жолунун тилкесиндеги көчмөндөр коому менен отурукташкан оазистердин өз ара таасир этүү шартында мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү» аттуу эл аралык илимий конференция өз ишин баштады. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган бул конференция башталаарда, Бишкектеги Улуттук университеттин алдында мамлекеттик ишмер жана агартуучу Жусуп Баласагындын айкели жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн борбору ачылды. Эл аралык конференциянын пленардык жыйыны Улуттук университетте өтүп, аны Кыргызстандын президенти Аскар Акаев ачты. Бул конференцияга Германия, Казакстан, Кытай, Монголия, Франция, Орусия, Түркия жана Украина өлкөлөрүнөн келген илимпоздор катышууда.

XS
SM
MD
LG