БИШКЕК. Кытайдын аймагында тарап жаткан өнөгөсүз өпкө оорусунун алдын алуу максатында чек аранын жабылышы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык алакаларды басаңдатышы ыктымал. Бирок кокус илдет пайда болсо, мамлекет чек араны жабуудан тарткан чыгымдан он эсе көп чыгымга учурайт жана өлкөнүн азыр туризмге байланыштуу пайда болгон аброюна олуттуу доо кетет. Кыргыз-кытай каттамын убактылуу токтотууга байланыштуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында министрдин орун басары Жээнбек Кулубаев ушундай билдирүү жасады. Саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Штейнкенин сөзүнө караганда, өнөгөсүз өпкө илдетинен жабыркаган бир адамды дарылаш үчүн Кыргызстандын шартында бери дегенде 13000 сом өлчөмүндө каражат талап кылынат. Азырынча Кыргызстанда бул илдеттен жабыркагандар жок. Кытайдын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды өз мекенине кайтаруу жана бул жерде иштеп жүргөн кытайлык жарандарды өз ыктыярына жараша чек арадан чыгаруу 10 күндүк мөөнөттө ишке ашат. Жээнбек Кулубаевдин айтымында, өнөгөсүз өпкө илдети кеңири тараган аймактардан кыргызстандык акыркы 5 студент эртең кайтып келишет. Ал эми элчиликтин кызматкерлери болсо Кытайда калып, иштерин уланта беришет.
Кыргызстан менен Кытай былтыр 160 миллион доллар соода кылган.
Кыргызстан менен Кытай былтыр 160 миллион доллар соода кылган.