Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

«Ыкчам издөө иштери жөнүндөгү» мыйзамга толуктоо киргизилди


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өкмөт сунуш кылган «Кыргыз Республикасынын «Ыкчам издөө иштери жөнүндөгү» мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзамды 44 добуш менен кабыл алышты. Ага ылайык, Чек ара кызматы мындан ары чек араларда террористтерге, экстремисттерге жана баңгизаттарды ташуучуларга каршы чалгындоо, контрчалгындоо иштерин жүргүзүүгө, ыкчамдык менен кылмышкерлерди кармоого укук алды. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Алыбай Кайыповдун айтымында, 1999-жылдын 19-мартында кабыл алынган «Чек ара кызматы жөнүндөгү» мыйзам мындай иштерге жол бергени менен, «Ыкчам издөө иштери жөнүндөгү» мыйзам буга укук бербей келген.
«Эми мындан ары биз чек араны бузган же ошондон шектүү адамдарды кармап, суракка алсак болот. Эгер андай адам качып кетип, кайсы бир үйлөргө кирип кетсе, андай үйлөрдү прокурордун санкциясы менен тинтүүгө укук алдык», - деди Алыбай Кайыпов.
Учурда Чек ара кызматында 5200дөй адам иштейт.

XS
SM
MD
LG