Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Чех өкмөтү АКШлык мультимиллионерге Эл аралык соттун чечими боюнча 354 млн долларлык айыппул төлөп берди


Стокгольмдо жайгашкан Эл аралык аппеляциялык сот Эл аралык арбитраждык соттун чечимин колдоп, чех өкмөтү америкалык миллионер Роналд Лаудердин чех телеканалына салган инвестициясын коргоп бере албаган үчүн ушундай ири айыпга жыккан. Чехиянын премьер-министри Владимир Шпидла Эл аралык сот таккан айып ашкере ири өлчөмдө болсо да, чех өкмөтү ага баш ийип, төлөп берүүгө аргасыз болгонун маалымдады. Чатак 1999-жылы Роналд Лаудердин компаниясы менен чех өкмөтүнүн ортомчулугу алдында прагалык бизнесмен Владимир Железныйдын ортосунда популярдуу "Нова" телеканалын уюштуруу жөнүндөгү келишим бузулуп, телекомпанияны башкаруу укугу толугу менен чехиялык ишкерге өткөндө башталган. Эл аралык арбитраждык сот ошондон бери америкалык мульти-миллионердин тарткан зыянын 354 млн долларга баалап, ансыз да былтыркы жаратылыш кырсыктарынан кийин казнасы каржалып турган расмий Праганы ушундай ири өлчөмдөгү айып тарттырды.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG