Орусиянын президенти В.Путин жума күнү парламенттин кош палатасында сөз сүйлөп, жалпы улутка кайрылуу жолдойт. Анын алдында Путин парламентке айрым чечен согушкерлерине кечирим берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуш кылды. Кремлдин өкүлдөрү бул кадамы менен орус президенти кээ бир чечен козголоңчуларына куралын таштап, тынч тиричилик баштоого мүмкүндүк берип жатканын айтышат. Март айында Чеченстанда жаңы конституция талкууга коюлган референдум алдында Путин чечен калкына айрым согушкерлердин күнөөсүн кечирип, аларга мунапыс берүүнү убада кылган. Шаршембиде Чеченстандагы Иласхан-Юрт кыштагында жанкечтилердин бомба жардыруусунан 18 киши курман болуп, дагы ондогон кишилер жарадар болушкан. Бул – акыркы апта ичинде Чеченстанда ишке ашырылган экинчи ири теракт болуп калды.