Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Британия Кения менен аба байланыштарын токтотту


Британ өкмөтү болочокку террордук чабуулдардан чочулап, Чыгыш Африкадагы Кения мамлекети менен аба байланыштарын токтотконун жарыялады. Вашингтон менен Лондон өз жарандарын Кенияга саякаттап баруудан карманууга үндөштү. Анын алдында Кениянын бийликтери коңшулаш Сомалиде "Аль-Каида" уюмунун жетекчилеринин бири, Фазул Абдулла Мухаммеддин изи табылганын маалымдашкан. Мухаммед 98-жылы 224 адам набыт кеткен Найробидеги америкалык элчиликтеги жардырууну уюштурган деп шектелет. Сауд Арабияда дүйшөмбүдө 34 киши шейит болгон бомба жардырууларын иликтөөгө АКШнын Федералдык иликтөө башкармалыгынын алты адиси кошулду. Бейшембиде Румыния Ирактагы согушка колдоо көрсөткөндүктөн, өлкөдөгү Батыш обьекттерине каршы террордук акциялар уюштурулушу мүмкүн деп, коопсуздук чараларын күчөткөнүн билдирсе, Ливанда АКШ элчилигине кол салуу даярдаган деген шек алдында 9 адам кармалды.

XS
SM
MD
LG