Орус президенти Владимир Путин 16-май күнү парламенттин эки палатасынын депутаттары алдында чыгып сүйлөп, өкмөткө каршы Чеченстандагы аракеттер кыйратылат деп билдирди: "Бандиттердин калдыктары ар башка аракеттер менен чечен элин мындан ары да коркутууга аракеттенээри шексиз. Ыкчам өнүгүп келаткан саясий жараянды да алар жолдон чыгарууга аракет көрөт, алардын террордук чабуулдары барган сайын карапайым калкка каршы багыттала баштады. Бирок биз ага чек коебуз жана чечен эли тынчтыкта жашайт". Бир саатка уланган сөзүндө Путин дагы ар башка маселелерге токтолду. Анын айтымында, Орусиянын экономикасын эл аралык атаандашдык деңгээлине жеткирүү үчүн орчундуу аракеттер көрүлүүгө тийиш.