Израилдик аскерлер танкалар менен 16-майда кайрадан Газа тилкесиндеги үч шаарга кирип, сегиз үйдү бульдозер менен сүздүрүп, бир нече арабды кармап кетти. Кечээ күнү жөөт аскерлери ошол эле шаарларда беш палестиналык жоокерди атып өлтүргөн. Израил өкмөтүнүн айтымында, алар - террор аракеттерин уюштурган кылмышкерлерге каршы гана аракеттенүүдө. Палестина жетекчилери жөөт өкмөтүнүн саясатын сынга алууда, алардын айтымында, мындай аракеттер менен Тель-Авив - эл аралык коомчулук сунуштаган жаңы тынчтык планын аткаруудан баш тартууда. Палестина ал планды жактырган.