"Эл аралык мунапыз" аттуу адам укуктарын коргогон уюм бүгүн Лондон шаарында атайын жарыя жасап, Иракта согушкан коалициялык күчтөр туткунга түшкөн ирактыктарды уруп-сабаган деп билдирди. Кармалып, кийин бошотулган жыйырмага жакын адамдын айтымында, аларды америкалык жана британиялык солдаттар уруп-тээп, кээ бирлерин электр шогу менен да кыйнаган. "Эл аралык мунапыз" уюму өз тергөөсүн улантууда жана анын жыйынтыктарын кийин АКШ менен Улуу Британиянын өкмөттөрүнө тапшырат.