Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Өкмөт 2002-жылдагы социалдык-экономикалык реформанын алдыңкыларын аныктады


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү былтыр социалдык-экономикалык реформаны жакшы жүргүзгөң, «жакырчылыкка каршы күрөштүн алдыңкылары» деп табылган облустарды, шаарларды, райондорды жана айыл өкмөттөрүн аныктады. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев биринчи орунду алган Бишкек шаарына диплом жана акчалай сыйлык тапшырды. Мындан тышкары, өкмөттүн баасына ылайык, биринчи орунга Бишкек шаарынын Ленин району, Чүй облусунун Аламүдүн району, Ош облусунун Алай району, Сокулук районунун Шопоков шаары жана Карасуу районунун Кашкаркыштак айыл өкмөтү татыктуу болушту. Экинчи орунга Ысыккөл облусу жана Жетиөгүз районунун Жетиөгүз айыл өкмөтү чыгышты. Аларга берилчү сыйлыктарды премьер-министр Николай Танаев эртең Чолпоната шаарында баштала турган «Ысыккөл-2003» туристтик жарманкесинин ачылышында тапшырат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG