Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Орусиянын «Газпром» компаниясы Кыргызстанды газ менен камсыз кылууга көмөктөшмөк болду


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев менен Орусиянын «Газпром» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер кыргыз өкмөтү менен «Газпромдун» ортосунда газ тармагында узак мөөнөткө кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. 25 жылга эсептелген бул документке ылайык «Газпром» Кыргызстандагы газ жана мунай кендерин бекер изилдеп берүүгө, газ түтүктөрүн ремонттоп, жаңыртууга жана республиканы газ менен камсыз кылууга жардамдашат. «Биз Кыргызстандын муктаждыгын билебиз, ошондуктан мунай жана газ байлыктарын биргелешип изилдөө жана газ ташып келүү багытында кызматташууга даярбыз», - деди бүгүнкү маалымат жыйынында Алексей Миллер.
Алексей Миллер менен президент Аскар Акаевдин бүгүнкү жолугушуусунан соң, «Газпром» Майлысуудагы жер алдындагы газ сактоочу жайды кайра калыбына келтирүүгө жардам берээри белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат президенттин басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG