Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Азимбек Бекназаров Жалалабаддагы кол салууга катышы жоктугун билдирди


БИШКЕК. Кечээки Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер кызматтарына таандык курал-жарактарды тоноого Аксы элинин, «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын тиешеси жок. Аталган кыймылдын жетекчиси, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аксы шайлоо округу боюнча депутаты Азимбек Бекназаров бүгүнкү маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады.
Азимбек Бекназаровдун айтымында, анын мындай билдирүү менен чыгышына кылмыштын Аксы окуясына байланыштырылып жатканы негиз берди. Маалымат жыйынында саясатчы Жалалабаддагы окуяга байланыштуу айрым жоромолдорду өзүнө каршы жасалган чагымчылык катары баалады. «Мындай аракеттерди атайын кызматтар өткөн жылдын июнунда Ташкөмүр ГЭСинин жанында жана сентябрь айында Аксыда жасап, бирок максаттары ишке ашпай калган», - деди ал. А. Бекназаровдун дагы бир божомолуна караганда, бийлик үчүн күрөш, башкача айтканда, айрымдардын министр Бакирдин Субанбековду кызматтан кетирүү далалаты да ушундай аракеттерди шартташы мүмкүн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG